Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Орусия менен Азербайжан мунай кызматташтыгына кол коюшту


“Роснефть” менен Азербайжандын SOCAR мамлекеттик ишканасынын мунай жана газ жаатында кызматташуу келишимине президенттер Владимир Путин менен Илхам Алиев шейшембиде кол коюшту. Азербайжан президенти бул келишим эки өлкөнүн энергетикалык кызматташтыгынын “жаңы тепкичи” деди.

Путин кечээ Бакуга иш сапары менен келген. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушуусунда Каспий деңизи, Тоолуу Карабах маселелерин да козгошту. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында орус президенти Путин:

-Биздин сүйлөшүүдө Каспий маселесине чоң маани берилди. Бул аймак тынчтык жана кызматташтык аймагы болушун каалайбыз. Аймакта коопсуздук, чек ара, деңиздин биологиялык системасын сактап калуу сыяктуу чечилбеген маселелер көп. Анын баары чечилүүсүнө эки тарап тең кызыкдар,-деп айтты.

Азербайжандын SOCAR мунай компаниясы буга чейин Европанын мунай гиганты BP&Statoil жана АКШнын ExxonMobil компаниялары менен кызматташууга кол койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG