Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Баткен: шахта урандысында калгандар куткарыла элек


Баткендеги көмүр шахтасынын урандысында калган үч жаран куткарыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Бирок жамгыр жаап, шахтанын үстүн суу каптап калгандыктан издөө иштеринде кыйынчылыктар туулууда. Ошол эле учурда шахтанын ичинде төрт адам болушу мүмкүн деп айтылууда.

Облустун Самаркандек айылындагы кол менен көмүр казуучу шахта кечээ болжол менен саат 20лар чамасында көчүп кетип, оозу тосулуп калган. Кыргызстанда көмүр кенин кол менен стихиялуу түрдө казып алуудан улам шахта басып калып, кырсыкка учурагандар ондоп саналат. (JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG