Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Өзбекстан менен чек ара пункттарын тактоо боюнча жумушчу топ түзүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, аталган жумушчу топ Өзбекстан менен чек арадагы өткөрмө бекеттерди кайрадан карап чыгып, коңшу өлкөгө аларды ачуу маселесин коймокчу.

Искандаров белгилегендей, эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, 17 өткөрмө бекети ачылышы керек болчу. Ага карабастан акыркы мезгилде автоунаалар менен өтчү Оштогу “Достук” жана Кызыл-Кыядагы “Кызыл-Кыя” өткөрмө бекеттери гана иштеп келген.

Бирок 12-августтан тарта Өзбекстан Оштогу "Достук" өткөрмө бекетин да жапты. Муну коңшу өлкө 1-сентябрда белгиленчү эгемендик майрамына карата деп түшүндүргөн. Бекеттин качан ачылаары белгисиз. "Достук" өткөрмө бекети 2010-жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстанды байланыштырган негизги өткөрүү жайы болуп эсептелет.(BkA)

XS
SM
MD
LG