Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Ошто кытай товарларынын жармаңкеси башталды


Бүгүн Ош шаарында Кытайда өндүрүлгөн айыл чарба буюмдары менен техниканын 3 күндүк жармаңкеси башталды. Ага Кытайдын алты провинциясындагы 70 ишкананын товарлары коюлган. Иш-чараны өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Кытайдын Шинжан-Уйгур автономиясы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун бийлиги менен бирге уюштурууда. Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын короосунда өтө турган жармаңкеге Кытайда өндүрүлгөн экспорттук товарлар, техникалар жана айыл чарба жабдыктары коюлду.

Өкмөт өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жармаңкенин жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлер үчүн кытайлык өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен келишим түзүүгө, керектүү жабдыктарды, техникаларды сатып алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Иш-чара 16-августка чейин уланат. (SE)

XS
SM
MD
LG