Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:41

"Жылдыздар балдарга китеп окушат" долбоору Таласта


Бүгүн "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду Талас шаарындагы "Ак бешик" бала бакчасында "Жылдыздар балдарга китеп окушат" аттуу долбоордун алкагында кече өткөрдү.

Ага ылайык мамлекеттик кызматкерлер, атактуу адамдар балдарга ар кандай жомокторду окуп бермекчи. Бул саамалыктын алгачкы коногу Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Байышбек Керимбаев болду. Ал балдарга "Үч сыйкырчы" аттуу жомокту слайд менен көргөзүп айтып берди.

"Долбоордун максаты балдарды китепти сүйүп окууга тарбиялоо",-дейт аталган фонддун кызматкери Айша Курманалиева. Анын айтымында, буга чейин мындай иш-чара Баткен облусунда өткөн. (MbA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG