Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Бишкекте Орусиянын миграция саясатына каршы акция өтүп жатат


Орусиянын Бишкектеги элчилиги алдындагы акцияны укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров өткөрүүдө. Ал колуна “Мигрант –эмгекчил адам”, “Мигранттар үчүн лагер –аң-сезимсиз коомдун белгиси” деген плакаттарды кармап турат. Анын айтымында, Орусияда акыркы апталарда жүрүп жаткан рейддер адам укуктарын бузуу менен коштолууда. Токтонасыров буга каршы чыккан орусиялык укук коргоочуларга тилектештик билдирип, орус бийликтерин мигранттарга карата мындай саясатты токтотууга чакырууда.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон бери орус бийлиги мигранттарга мамилесин катаалдантып, бир катар рейддерди жүргүзүүдө. Мыйзамсыз жүргөн келгиндер мекенине депортация болгонго чейин атайын чатыр лагерлерде кармалып турушат. Алардын катарында кыргызстандык төрт жаран да кармалып, чатыр лагерде бир нече күн жашагандан кийин Москва шаардык ИИБнын чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборуна которулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG