Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Индияда аскер кемеси чөгүп кетти


Индиянын Мумбай шаарынын портунда Орусияда курулган «Синдуракшак» кемеси чөгүп кетти. Маалыматка караганда, адегенде субмаринде жардыруу болуп, өрт чыккан. Субмариндин 18 мүчөсүнүн дареги жок экени, бир нече адам ооруканага жаткырылганы расмий кабарланды. Индиянын коргоо министри А.К. Антони Жаңы Делиде кабарчылар менен кездешүүдө кеме чөккөнүн тастыктап, апаатты “акыркы убактагы эң чоң трагедия” деп атады:

- Мен Мумбайга окуянын чоо-жайын көргөнү баратам. Бул биздин баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Бул соңку убактагы теңдешсиз трагедия. Мен кайгыга батып турам. Мекенге кызмат кылып жатып өмүрүн жоготкон деңиз аскерлери үчүн кайгыруудамын.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Маалымдалганга караганда, 16 жыл мурда курулган кеме жакында эле Орусиядан ремонттолуп, жабдуу-тектиктерин алмаштырып келген. Серепчилердин айтымында, буга чейин Индиянын деңиз флотунда мындай жаман апаат болгон эмес.

XS
SM
MD
LG