Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

“Рошен” момпосуйларынан зыяндуу заттар табылган жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Украинадан ташылып келген “Рошен” шоколаддарынын курамын аныктоо боюнча лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, момпосуйлардын курамынан эч кандай зыяндуу заттар табылган жок. Ошондуктан, Кыргызстанга аларды ташып келүүгө тыюу салынбайт.

Буга чейин Орусияда “Рошен” компаниясынын кондитердик азыктарын курамында зыяндуу бензопирен заты бар деген жүйө менен өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган. Мындан кийин Кыргызстанда да бул азыктарды текшерүү чечими кабыл алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG