Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Баткен: Үч адамды куткаруу чаралары уланууда


Кырсык болгон жерде иштеп жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 14-август кечине чейин болгону 30 метрдей тереңдиктеги гана сууну сордурганын аймактык кабарчыбыз билдирди. Алдыда дагы 50 метрдей чуңкурдагы сууну тарттыруу керек. Ушу тапта шахта ичиндеги суу 2 насос менен сыртка сордурулуп жатат. Суу толуп калган шахта 80 метр тереңдикте жайгашкан.

13-август күнү кечке жуук аккан селден Самаркандек айылындагы көмүр кенине суу толуп калган. Анда иштеп аткан беш кишинин экөө качып чыгып, эл-журтка кабар берген. Ал эми калган үч киши: 36 жаштагы Сатар Абдрахманов, 22 жаштагы Тажыбай Абдрахманов жана Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну Бакыт Айдаровдун ал-абалы азырынча белгисиз.

Өткөн жылы Самаркандек айыл округунун аймагында коопсуздук талаптарына жооп бербейт деген себеп менен жыйырма чакты шахтаны иштетүүгө тыюу салынган. Алардын арасында кырсык катталган бул шахта да жабылган.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG