Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

Жалал-Абад милициясы спортчуларга көмөктөштү



Облустук ички иштер башкармалыгы Жалал-Абаддагы грек-рим күрөшү боюнча ага машыктыруучу Алтынбек Салаевге жана ал таптаган үч спортчуга 500 доллардан ашык акчалай жардам берди.
42 килограмм салмактагы балбандар: Нурбек Максатбеков, 46 килограмм салмактагы Баяман Эрназаров, 54 килограмм салмактагы Калы Сулайманов менен алардын машыктыруучусу 18-25 - август күндөрү Сербиянын Зренян шаарында болуучу жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышарын ОИИБ басма сөз кызматы 15-августта кабарлады.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG