Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Түрк тилдүү мамлекеттердин президенттери Габалага чогулууда


Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын президенттери Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин Азербайжандагы саммитине чогулууда. Кеңешме өзү Бакыдан 200 чакырымдай алыстагы байыркы Габала шаарында өтөт. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын төрагасы Рамил Хасановдун билдиришинче, жыйында уюмга кирген мамлекеттер ортолук эркин соода аймагын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланат. Бул уюм Түрк тилдүү өлкөлөрдүн тилин жана маданиятын сактоо, өз ара саясый-экономикалык жана маданий кызматташууну кеңейтүү максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG