Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Эртең Турсунбек Акундун арызы сотто каралат


Эртең Бишкектин райондор аралык сотунда Турсунбек Акундун арызы каралат. Анда Акун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон. Бул орунга сынак жарыяланган.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын кабарлашынча, бүгүн талапкерлердин документин кабыл алуу аяктайт. Жалпысынан саат 13.00гө чейин 48 талапкер сынакка катышуу үчүн арыз берди. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоочулар, милиция, прокуратура кызматкерлери, адвокаттар, дарыгер жана мугалимдер бар.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG