Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Египеттеги калаба 525 адамдын башын жеди


Египеттин бийликтен оодарылган исламчыл президенти Мухаммед Мурсинин тарапкерлеринин Каирдеги лагерин жыйнап, жок кылуу кездеги кагылышта курман болгондордун саны 525ке жетти.

Мындан тышкары 3 500ден ашуун адам жарат алганын Египеттин саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, өлгөндөр арасында 43 полициячы да бар. Каирдеги кандуу булоон жалпы өлкөдө зобун-зордуктарды жаратты.

Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Улуттар Уюмун тезинен Египеттеги кырдаалды талкуулаганга кайра чакырды:

- Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши ыкчам чогулууга тийиш. Зарыл чаралардын кабыл алынышын ар бир адам “ооба” деп колдошу абзел. Эгер токтоосуз кадам жасаганга кимдир бирөө “жок” десе, андайлар тарыхый жоопкерчиликти өздөрүнө алышат.

Түркиянын Эрдоган башындагы исламга ыктаган өкмөтү Египеттеги саясатка аскерлердин кийлигишкенин башынан катуу сындап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG