Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

БУУ египеттиктерди сабырдуулукка чакырууда


БУУнун Коопсуздук кеңеши Египеттиктерди 600дөн ашуун кишинин өлүмүнө алып келген зомбулукту токтотууга чакырды. Кайрылуу менен Коопсуздук кеңештин азыркы төрайымы Мария Персевал бейшембиде шашылыш чакырылган жыйындан кийин тааныштырды. Анда Кеңешке мүчө 15 мамлекет египеттиктерди улуттук элдешүүгө чакырган.

Египеттин убактылуу бийлиги Коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга аёосуз аракетин эл аралык коомчулуктун, анын ичинде АКШ президентинин сындаганын четке какты. Алар мындай сындоолор далилсиз жана бул "куралдуу согушчан топторду зордук-зомбулукка шыктандыруусу мүмкүн” деп айткан.

Бул аралыкта “Мусулман агайындар” элди жума күнү да массалык демонстрацияга чыгып, Мурсини бийликке алып келүүгө чакырды.

Кечээ кечинде АКШ Египет менен келерки айга мерчемделген аскерий машыгуусун Египеттеги кыянатчылыктардан улам токтотуп жатканын президент Барак Обама билдирди. Жарандардын нааразылыкты тынч билдирүүгө болгон укугу урматталуусу зарылдыгын, Египетте өзгөчө абал тартиби жоюлушу керектигин, Вашингтон бул өлкөнүн саясий партияларынын же саясий фигураларынын биринин да тарабында эместигин кошумчалады:

- Америка Египеттин келечегин аныктай албайт. Келечегин аныктоо Египет элинин милдети. Биз эч бир партиянын жана саясатчынын тарабын албайбыз. Египетте болуп аткан иштер үчүн өлкө ичинде АКШны же Батышты же башка тышкы оюнчуларды күнөөлөө бар экенин мен билем.

Акыркы маалыматтар боюнча Египеттеги жаңжалдан 638 киши набыт кетти, басымдуу бөлүгү карапайым адамдар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG