Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Баткенде суу баскан шахтада калган бир кишинин сөөгү табылды


Сөөк Самаркандек айылындагы көмүр шахтасында калып калган кишилерди дээрлик үч суткалык издөө-куткаруу иштеринен кийин табылды. ӨКМдин Баткен облустук бөлүгүнөн “Азаттыкка” кабарлашкандай, ал Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну Бакыт Айдаровдун сөөгү экенин жакындары тастыкташты. Дагы эки киши: 36 жаштагы Сатар Абдрахманов менен 22 жаштагы Тажыбай Абдрахмановду издөө иштери уланууда.

13-август күнү кечке жуук аккан селден Самаркандек айылындагы көмүр кенине суу толуп калган. Анда иштеп аткан беш кишинин экөө качып чыгып, эл-журтка кабар берген. ӨКМ куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен кошо 80 метр тереңдикте жайгашкан шахтага жетүүчү жолго толуп калган сууну эки жарым суткада сордурууга жетишти.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG