Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Сот Турсунбек Акундун арызын канааттандырган жок


Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын канааттандырган жок. Өз арызында ал Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн. Соттун чечимине нааразы болгон Акун доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылаарын билдирди.

Ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон. Бул орунга сынак жарыяланган.

Акыйткачылыкка талапкерлердин документин кабыл алуу кечээ аяктады. Сынакка катышуу үчүн арыз берген талапкерлер саны 53кө жеткен. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары: Асия Сасыкбаева, Айнуру Алтыбаева, Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, укук коргоочулар, милиция, прокуратура кызматкерлери, адвокаттар, дарыгер жана мугалимдер бар.(BkA\UEz)

XS
SM
MD
LG