Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Жол кайгуул кызматкерлери пара менен кармалды


Башкы прокуратура ИИМдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жүк текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, алар Чүйдөгү “Сосновка” пунктунан өткөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан пара сураган. 15-августта бул пунктан бир жол кайгуул кызматкери жана аталган министрликтин төрт кызматкери кармалган. Алардын жанынан айдоочулардан мыйзамсыз алган 60 миң сом табылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG