Бүгүн Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Липенка айылында балык фестивалы башталды. Анда балыкчылардын балык кармоо боюнча таймашы, жармаңке, балыкчылыктын жол-жобосун үйрөткөн окуулар өтүп жатат. Мындай фестивал Кыргызстанда алгач ирет уюштурулду. Фестивал эртең да уланмакчы.(BkA)