Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Египетте “Каарлануу күнүн” өткөрүү чакырыгы ташталды


Египеттин “Мусулман агайындар” уюму өз тарапкерлерин бүгүн көчөгө жабыла чыгып, “Каарлануу күнүн” өткөргөнгө чакырды. Өкмөт мындай үндөө ич ара тирешүүнү күчөтүп, жаңы кан төгүүлөргө алып барат деген кооптонууда. Шаршемби күнү 3-июлда армия бийликтен кулаткан исламчыл президент Мурсинин жактоочуларынын Каирдеги лагерин жок кылуу кезде 620дан ашуун адам курман болгон. Алардын көбү жай тургундар. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бейшемби күнү чукул чакырылган жыйындан кийин египеттиктерди “өтө сабырдуу болууга” жана “улуттук элдешүүгө” чакырды. Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрайымы, Аргентинанын БУУдагы өкүлү Мария Кристина Персеваль жыйындан кийин мындай билдирүү жасады:

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, эң алды, курман болгондорго көңүл айтып, адам өлүмүнө өкүнүчүбүздү билдиребиз. Кеңештин мүчөлөрүнүн пикири Египеттеги коогалаңды токтотуу, тараптарды колдон келишинче сабырдуу болуусу үчүн маанилүү. Зобун-зордуктуу басуу жана улутту элдештирүүгө жетишүү боюнча пикирибиз бир.

Египеттин утурумдук өкмөтү коопсуздук күчтөрүнүн исламчыларга жабыр көрсөткөнүнө айтылган эл аралык, анын ичинде АКШ президенти Барак Обаманын сындоолорун “далили жок” жана “куралчан топторду зобун-зордукка” шыкактайт деп, четке какты.

XS
SM
MD
LG