Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Укук коргоочулар Казакстандагы мигранттардын абалы менен таанышты


5-7-августта кыргызстандык укук коргоочулар Казакстандын Алматы шаарына барып, мигранттардын абалы менен таанышып кайтышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, укук коргоочулар мигранттар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, укуктук жардам көрсөтүшкөн. Укук коргоочулар буга чейин Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларындагы мигранттар менен жолугуп кайтышкан.

Укук коргоочулар атайын иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгына жараша мигранттардын абалын оңдоо боюнча өкмөткө сунуштар берилмекчи.(BkA)

XS
SM
MD
LG