Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

АКШ: Улуттук коопсуздук агенттигинин былыктары ашкереленди


Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук агенттиги – АКШнын купуя сырларды сактоо жобосун бузган жана 2008-жылы агенттиктин вазийпасы күчөтүлгөндөн бери мыйзамдуу укугун бир нече жолу бузган.

Бул тууралуу The Washington Post гезити жашыруун документтерге жана береги агенттиктин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденден алган маалыматтарга таянып кабарлады. Вашингтон шпиондук кылды деп айыптаган качкын Сноуден ай башында Орусиядан башпаанек алган. “Вашингтон Пост” басылмасынын жазышынча, Улуттук коопсуздук агенттиги көбүн эсе америкалык жарандарды жана Кошмо Штаттардагы чет элдик чалгынчыларды жашыруун аңдыган же телефон жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшаган.

XS
SM
MD
LG