Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Акыйкатчы болууну каалагандар арбын


Акыйкатчылыкка талапкерлердин саны 53кө жетти. Алардын арасында депутаттардан тарта пенсионерге чейин бар.

16-августта болсо Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын канааттандырган жок. Сот Жогорку Кеңештин арызды четке кагуу өтүнүчүн канааттандырды. Акун өз арызында соттон Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Акыйкатчы майлуу кызматпы?

Сот чечимине нааразы болгон Турсунбек Акун сотторго, бийликке нааразы болгондор пикет-митингге чыгабыз деп араң турат деп билдирди. Ал сот акыйкат чечим чыгарат деп жактоочуларын токтотуп келген экен.

- Соттор дагы деле жогору жактан кандай буйрутма болсо ошону аткараарын далилдеди. Мен мындай чечим чыгарын мурда эле сезгем. Сот реформасы дегенибиз менен эч нерсе өзгөргөн жок. Судья Бермет Карагуловага Жогорку Кеңештен команда берилгени белгилүү да. Биз Жогорку Сотко кайрылабыз. Такыр болбосо эл аралык сотко чейин даттанабыз.

Ушул жылдын 27-июнунда парламент Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан убактысынан мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон.

Ал ортодо акыйткачылыкка талапкерлердин саны 53кө жетти. Арыздарды кабыл алуу 15-августта аяктаган. Алардын ичинде Жогорку Кеңеш депутаттары: Асия Сасыкбаева, Айнуру Алтыбаева, Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев бар. Талапкерлердин арасында укук коргоочулар, убактылуу жумушсуздар жана бир пенсионер да бар.

"Акыйкатчы болуп төрөлүш керек" деген ойду карманган мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун талапкерлердин көптүгүнүн сырын “Азаттыкка” чечмелеп берди.

Акыйкатчы кызматын парламент бекитет
Акыйкатчы кызматын парламент бекитет
- Омбудсмендик майлуу кызмат деп айта албайм. Бирок 5 жыл бекер иштебептирмин. Кызматтын аброюн кыйла көтөрүп койдум. Мурда бул кызмат бурчта, таштандыда эле жатчу. Акыйкатчы ким экенин эл деле билчү эмес. Мен улам-улам пресс-конференция берип, кыйкырып жатып ушул деңгээлге жеткирдим. Экинчиден, акыйкатчынын кол тийбестик укугу бар, айлыгы спикердикиндей, түрмөлөргө барат, телевизорго көп чыгат. Элдин баары эле ушуларды көрүп алып жыргал тура деп ойлоп жатышат.

Акундун саясий атаандашы “Ар-намыс” фракциясынан акыйкатчылыкка аттанып жаткан ажы депутат Турсунбай Бакир уулу Акундун айткандарына кошулбайт.

- Тескерисинче, Турсунбек Акун Акыйкатчы институтунун беделин түшүрүп салды. Акун акыйкатчы болсо, анда мен деле боло алам дегендер четтен чыгат. Эгер бул кызматтын аброю жогору болгондо талапкерлер мынча көп болмок эмес.


Акыйкатчынын эмнеси артык?


Акыйкатчылыкка талапкерлер саны көп болгону менен парламенттеги көпчүлүк коалиция бул орунду вице-спикер Асия Сасыкбаевага ыроолоп койгону айтылууда. Сасыкбаева менен байланышканыбызда ал депутаттарга анчейин ишеним артпай тургандыгын билдирди:

- Биздин депутаттардын эмне кылып жиберерин айтып болбойт. Ар биринин өз кызыкчылыгы бар. Таасир эте турган күчтөр да бар. Мен депутаттыктан акыйкатчылыкты артык көргөн жерим жок. Мени биздин фракция сунуштады. Эми акыйкатчынын иши бир беткей да. Депутаттык ишмердик болсо ар тараптуу.

Саясат талдоочу Марс Сариев акыйкатчылыкка умтулуу себебин бул кызматтын майлуу-сүттүүлүгүндө деп түшүндүрдү.

- Талапкерлердин көбү бул кызмат аркылуу акча табабыз деп жатышат. Азыр Акыйкатчы институту бейөкмөт уюмдар аркылуу чет өлкөлөрдөн көптөгөн грант аларын, алардын жакшы жашарын элдин баары билип калды. Бул кызматка отургандар байыйт деген стереотип бар.

Омбудсмендикке ат салышкандардын бири Рита Карасартова акчасынан мурда даражасына жана миссиясына кызыгып жаткан экен.

- Чынын айтканда акыйкатчынын бюджети өтө чакан. Бирок Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун бул кызматтан кеткиси келбей жатканына караганда бул жерде чоң акча ойносо керек деп ойлойм. Мурда кызыкпагандыктан чет өлкөлөрдөн келген гранттар тууралуу деле билчү эмесмин. Башка жактан да каржылык булак болсо керек.

Кыргызстанга кандай акыйкатчы керек? Акыйкатчы деген кандай адам болушу керек? Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун жүйөөсү боюнча, Кыргызстанга орустардын Лукининдей инсан жетишпейт:

Түрмөдөгү абал менен таанышуу акыйкатчынын милдети
Түрмөдөгү абал менен таанышуу акыйкатчынын милдети
- Акыйкатчы биринчи кезекте акыйкат адам болуш керек. Экинчиден, билимдүү болушу абзел. Эл аралык укукту жана жергиликтүү маселелерди жакшы билүүсү шарт. Маселелерди чечүүдө эл аралык тажрыйбага таянып, ошолор менен тил табыша билген адис керек.

Шайлоодо кимдин шансы жогору деген суроо менен саясий талдоочу Бакыт Бакетаевге кайрылдык.

- Менимче, Асия Сасыкбаева өтөт. Анткени ал депутаттардын баары менен тил табыша алат, өзү да иштерман. Бейөкмөт уюмдардан турган чоң командасы бар. Бейөкмөт уюмдар менен биргеликте программасын айтып, аракет кылат.

Кыргызстан акыйкатчысын Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө бекитет. Жаңы акыйкатчыны шайлоо сентябрь айына белгиленген. Буга чейин Турсунбек Акун жана Турсунбай Бакир уулу бул кызматты аркалаган.

XS
SM
MD
LG