Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Египетте жума күнкү демонстрациялар да кан төгүү менен коштолду


Каирдин Рамсес аянтындагы көрүнүш. 16-август, 2013-жыл.

Каирдин Рамсес аянтындагы көрүнүш. 16-август, 2013-жыл.

Мындан улам кабарларга караганда, “Мусулман агайындар” кыймылы өз жактоочуларын нааразылык акциясын токтотууга чакырган.

Бирок кыймыл бийликтен кулатылган президент Мохаммед Мурсини колдогон демонстрацияларды күн сайын өткөрүүнү убада кылууда.

Жума күнкү кагылыштарда кеминде 70тей кишинин өмүрү кыйылып, алардын 50сү борбор Каирде, 20 чактысы башка шаарларда мерт болгон.

“Мусулман агайындар” кыймылы жума күнкү нааразылыгын жүздөгөн жактоочуларынын шаршембидеги өлүмү үчүн “Каарлануу күнү” деп атаган эле.

Мурсинин жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн шаршембидеги кагылыштарында каза тапкандардын саны расмий эсепте 620 кишиден ашты. “Мусулман агайындар” кыймылы алардын Каирдеги эки лагери бузулганда өлгөндөр саны 2000ден көп экенин айтууда.

Египеттин утурумдук бийлиги эл аралык коомчулуктун шаршемби күнкү окуялар боюнча сынын четке кагып, берилген баа “фактыларга негизделбегенин” жана активисттерди кыянатчылыкка тукурушу мүмкүндүгүн белгиледи. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG