Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Орозалиев: Бангладеште окугандардын эсеби жок


Кыргызстанда жана чет өлкөдө диний билим берүүнүн мыйзамдык негиздери түзүлбөй, анын натыйжасында башаламандык орун алууда. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Табылды Орозалиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Табылды Орозалиев: Депутат Каныбек Осмоналиев тарабынан диний билим боюнча долбоор иштелип чыкпадыбы. Аны комитеттен карашты. Эгер мына сентябрь айында сессияда каралып, бекисе бир топ маселе чечилгени турат. Тыш жакка кантип чыгуу керек? Бизде кандай болушу керек? Мамлекеттик сертификат болушу керекпи же жокпу?

Бирок азыр деле христиан багытындагы диний окуу уюмдарынын бир тобунун сертификаттары бар. Билим берүү министрлигинен алышкан. Анын негизинде Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген программалар боюнча билим алышат. Кадимкидей эле химия, математика, тарых, кыргыз тили, адабият сабактарын окушат. Колдоруна жалпыга билим берүүчү аттестат алышат.

“Азаттык”: Ислам багытындагыларчы?

Табылды Орозалиев: Тилекке каршы, мындай эреже ислам билим берүү борборлорунун биринде да жок. Эгер жанагыдай мыйзам долбоору өтүп кетсе, анда ошол мыйзамга ылайык иштешип, бул жагынан бир тартипке келишет эле да.

“Азаттык”: Ал эми чет өлкөдө диний билим берүү үчүн окутуу багытында кандайдыр бир макулдашуулар барбы?

Табылды Орозалиев: Макулдашуу жок. Ошол макулдашуу жок үчүн ушундай башаламандык болуп жатпайбы. Ким кааласа каалаган жагына тааныштарды таап алып кетип жатышат. Мыйзам боюнча мындай иштер биз менен макулдашуу болгондон кийин ишке ашуусу керек эле. Бизге, Тышкы иштер министрлигине келбей эле өз алдынча Пакистангабы, Бангладешпи, Египетпи - кетип жатышат.

“Азаттык”: Ошондойлордун эсебин алып көрдүңүздөрбү?

Табылды Орозалиев: Азыр алып жатабыз. Сентябрь айына чейин даярдап, Коопсуздук кеңешинде так эсебин айтабыз.

“Азаттык”: Ошол эле Бангладешке, Египетке кетип, окуган балдардын так эсеби барбы?

Табылды Орозалиев: Бангладешке кеткендер боюнча так эсеп жок, Египетте болжол менен 300дөн ашык жараныбыз бар. Бул цифралар бат-бат өзгөрүп турат да, кээси окубай кайтып келип жатса, ошол учурда башка бирөө кетип жаткан болот.

“Азаттык”: Бангладеште 200дөй бала окуп жатат дегендин канчалык чындыгы бар болду экен же бул боюнча да маалымат келип түшкөн жокпу?

Табылды Орозалиев: Бангладеш боюнча бизде Тышкы иштер министрлиги, ж.б. органдар тарабынан маалымат жок.

“Азаттык”: Бизге Бишкектик бир окурмандан “10 жаштагы бир бала жок болуп кетип, кайра пайда болуп калды, кайда жүрөсүң деп сурасам “Бангладеште окудум, кайра кетем” деп айтты” деген кат келиптир...

Табылды Орозалиев: Мындай окуя 4-5 жыл мурда болгон. 9 жашар дунган баланы алып кетишкен. Андан бери кайталанып жаткандыр. Бирок бизге маалымат түшө элек.

“Азаттык”: Депутат даярдап жаткан мыйзам долбоордо чет өлкөгө баланы жөнөтүп-жөнөтпөө маселесинин айланасында жоболор киргенби?

Табылды Орозалиев: Азыр айтыш кыйын. Талкууга киргенде өзгөрөт да, депутаттар алымча-кошумча киргизишет дегендей, ошол бойдон эле зыңкыйып өтүп кетпейт да.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG