Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Баткен: суу баскан шахтадан эки кишинин сөөгү табыла элек


Самаркандек айыл аймагындагы Сары-Таш чегинде жергиликтүүлөр өздөрү ачкан шахтада көмүр казуу учурунда топон суу алдында калып кеткен Сатар Абдрахманов менен Тажыбай Абдрахмановдун сөөгү дале табыла электигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Буга чейин суу алдында калган Бакыт Айдаровдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген эле. Калган эки адамды издөө иштерине ӨКМдин он куткаруучусу, мобилдик тоо-кен куткаруу взводунан он эки куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, 80 метр тереңдиктин 69 метр аралыгы тазаланды.

13-август күнү кечке жуук жүргөн кыяндан Самаркандек айылындагы көмүр кенине суу толуп калган. Анда иштеп жаткан беш кишинин экөө качып чыгып, эл-журтка кабар берген. ӨКМ куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен кошо 80 метр тереңдикте жайгашкан шахтага жетүүчү жолго толуп калган сууну үч суткадан бери сордуруп жатат. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG