Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Бишкекте милиция офицери пара менен кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөш кызматы 16-август күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын авто-мотоунааларды мыйзамсыз тартып алуулар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги А. Мны 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрдү. Подполковник Кыргызстанга сырттан автоунаа ташыган жеке ишкерден 1500 АКШ долларын талап кылган. Окуя боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана пара талап кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогонун аталган комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда милиция кызматкери УКМНнын тергөө абагында кармалууда. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG