Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кытайда жаштардын 2-Азия оюндары башталды


17-августта Кытайдын Нанкин шаарында жаштар арасында Азия оюндарынын таймаштары башталат. Мында спорттун 16 түрү боюнча Азиядагы 45 өлкөнүн жаш спортчулары күч сынашууда. Экинчи ирет өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 6 түрү боюнча 14 спортчу коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нанкинден делегациянын басма сөз катчысы Жанар Кабыл кызы билдирди.

17-августта кыргызстандык оор атлетчи Манас Стамалиев менен дзюдо күрөшүнө Алибек Чороев катышканы камынып турат. Кыргызстандык 14 спортчу дзюдо, ок атуу, таэквондо-WTF, сууда сүзүү, оор жана жеңил атлетика боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшмөкчү.

16-августта кечинде Нанкинде жаштардын экинчи Азия оюндарынын ачылыш салтанаты болду. Мында кыргыз туусун оор атлетчи Курсант Төлөнов көтөрүп, команданы баштап чыкты. Жаштардын экинчи Азия оюндары 25-августта жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG