Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Баткен: суу баскан шахтадан эки адамдын сөөгү табылбай жатат


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 30га жакын куткаруучулар менен жергиликтүү эл бүгүн да издөө иштерин улантышууда. Бирок бир туугандар: 36 жаштагы Сатар Абдрахманов менен 22 жаштагы Тажыбай Абдрахманов табылбай жатат. Министрликтен кабарлашкандай, бүгүн кечке чейин шахтанын ичиндеги сууну толугу менен тазалап чыгуу мерчемделүүдө.

13-август күнү кечке жуук аккан селден Самаркандек айылындагы көмүр шахтасына суу толуп калган. Анда иштеп аткан беш кишинин экөө качып чыгып, үчөө шахта ичинде камалып калган. Бейшембиде шахта алдында калгандардын бири, 36 жаштагы Бакыт Айдаровдун сөөгү табылып, туугандарына берилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG