Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Жарандарды сыртка мыйзамсыз жиберген милиционерлерге иш козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмыш иш Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине козголду. Алар ушул жылдын июнь айында аталган райондун 15 тургунун жумуш таап беребиз деген убада менен мыйзамсыз түрдө Казакстанга жөнөткөн. Казакстанга барганда аталган тургундар бир айга жакын эч кандай келишимсиз, акысыз иштөөгө мажбур болушкан. Бул факт боюнча Башкы прокуратура милиция кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 305-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) жана 204-беренеси (мыйзамсыз миграциялык ишмердүүлүк жүргүзүү) боюнча кылмыш иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG