Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Ошто “Жашасын кыргыз ырлары” аттуу фестивал өтүүдө


Бүгүн Ошто түрдүү улут өкүлдөрүнүн арасында “Жашасын кыргыз ырлары” аттуу фестивал өтүп жатат. Бул иш-чараны эгемендик майрамына карата аймактык “Ынтымак” телерадиокомпаниясы уюштурууда.

Фестивал Кыргызстанда жашаган улуттарды ынтымакка чакыруу, биримдикти даңазалоо жана мамлекеттик тилге сый-урмат көрсөтүү максатында уюштурулууда. Иш-чарага сахнадан алыс, ар башка кесиптеги 10 жаран катышып жатат. Булардан сырткары таанымал ырчылар да чакырылган. Фестивалда Мекен, үй-бүлө жана ата-эне жөнүндө кыргызча ырлар жаңырмакчы.(BkA\SE)

XS
SM
MD
LG