Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

ЕБ Египет менен мамилесин кайра карап чыгат


Кечээ коопсуздук күчтөрү Каирдеги "Ал-Фатх" мечитин исламчыл демонстранттардан тазалашкан, 17-август, 2013
Кечээ коопсуздук күчтөрү Каирдеги "Ал-Фатх" мечитин исламчыл демонстранттардан тазалашкан, 17-август, 2013
Бүгүн бул тууралуу Еврошаркеттин президенти Херман Ван Рөмпөй менен Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу биргелешкен билдирүүсүндө айтышты. Алар экөө тең азыр Египеттеги кандуу тирешүүгө катышып жаткан тараптарды сабырдуулукка чакырып, зордук-зобундан алыс болууга үндөштү.

Биримдиктин жетекчилеринин билдирүүсүндө айтылгандай, алар жакынкы күндөрү Египет менен мамилесин “тез арада кайра карап чыгышат” жана мындан ары зомбулукту болтурбоого “багытталган чараларды кабыл алышмакчы”.

Жакынкы Чыгыштагы бул мамлекетте соңку төрт күндөгү кагылыштарда 750дөн ашуун адам өлдү. Египетте аскерий жетекчилик бийликтен күч менен кулаткан президент Мухаммад Мурсининин исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылынын колдоочулары нааразылыгын уланта беришерин билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG