Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Кара-Суудагы шайлоодо ок атылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштон “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаев кабарлады. Анын айтымында, Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда Социал-демократтар партиясы менен “Бир бол” партиясынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Андан эки адам жаракат алды.

Мындай окуя болгонун Ички иштер министрлигинен да тастыкташты. Бирок министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, чыр Социал-демократтар партиясы менен “Өнүгүү” партиясынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан. ИИМдин өкүлү бул окуядан эки адам жаракат алганын, бири бычак жеп ооруканага түшсө, экинчисине ок жаңылганын кошумчалады. Учурда окуя териштирилип жатат.

Бүгүн Кара-Сууда шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG