Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Пакистанда куралчандар аял саясатчыны атып өлтүрүштү


Нажма Ханифди куралчандар Пешавардагы үйүндө атып кетишти.
Нажма Ханифди куралчандар Пешавардагы үйүндө атып кетишти.
Өлкөнүн кооптуу саналган Хайбер-Пахтункхва провинциясынын полициясы кабарлагандай, жума күнү кечинде белгисиз бирөөлөр Нажма Ханифди үнсүз тапанча менен атып кетишкен. Эч ким бул боюнча жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок Ханифдин күйөө менен уулун эки жыл мурун талибдер жардырууда өлтүрүшкөнү белгилүү.

35 жаштагы Нажма Ханиф өлкөдө Талибанды ачык сындаган жана аларга каршы операцияларды колдогон "Авами" улуттук партиясынын мүчөсү эле. Талибдер 2008-жылдан бери аталган партиянын жүздөгөн колдоочуларын түрдүү чабуулдарда өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG