Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Футбол: өлкө кубогу үчүн оюндар өтүп жатат


17- августта Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстан-2013 кубогу үчүн жарым финалдык оюну болду. Мында өлкөнүн 8 жолку чемпиону "Дордой" командасы Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен беттешти. Анда “дордойчулар” талаа ээлерин 2:1 эсебинде утуп алды. Эки топту тең ганалык легионер Дэвид Тетте киргизди. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө канттык чабуулчу Азиз Сыдыков жооп иретинде бир топту таамай тепти.

Бүгүн кечинде экинчи жарым финалда Бишкектин "Алга" командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Оштун "Алай" командасы менен ойнойт. Жооп иретинде 24- августта Бишкекте "Дордой" клубу "Абдыш-Ата" менен беттешсе, 25-августта "Алай" Ошто "Алга" менен күч сынашат.

Өлкө кубогу үчүн жарым финалга Бишкектин "Алга","Дордой" , Канттын "Абдыш-Ата" жана Оштун "Алай" командалары чыккан. Өлкө кубогунун финалы 31-августта - эгемендик күнү болмокчу. (КМа)

XS
SM
MD
LG