Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Кыргызстандык футболчу кыздар коло байге үчүн таймашат


Польшада өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы бүгүн кол медал үчүн ойнойт. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады. Анын айтымында, кыргызстандык футболчу кыздар тобунда экинчи орунду ээлеп, жарым финалга чыккан. Бүгүн Венгриянын футболчу кыздары менен беттешет. Буга чейин Кыргызстандын командасы Аргентина, Польша, Анлиянын командаларын уткан болчу. Мексика жана Болгарияга утулган.

Финалга Мексика менен Чили өлкөлөрүнүн кыз-келиндер командалары чыкты. Былтыр Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз-келиндер командасы 5-орунду ээлеген. (KMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG