Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Теңирчиликти дин катары таануу сунушу сотто


Өзүн теңирчи деп эсептеген Кубанычбек Тезекбаев санаалаштары менен сыйынуу жөрөлгөсүндө. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
Өзүн теңирчи деп эсептеген Кубанычбек Тезекбаев санаалаштары менен сыйынуу жөрөлгөсүндө. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)

Бишкектин райондор аралык соту теңирчиликти дин катары каттоо сунушун карап баштады.

Теңирчиликти дин катары каттоо сунушун миң чамалуу мүчөсү бар “Манас Ордо” коому Дин иштери боюнча мамлекеттик комисияга ушул жылдын башында эле берген экен. Бирок комиссия теңирчиликти дин катары каттоо элди бөлүп-жарууга алып келет деген жүйөө менен баш тарткан. 17-августка белгиленген сот отуруму теңирчиликти жактагандар Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Бермет Карагуловага ишеним көрсөтпөгөндүктөн белгисиз мөөнөткө жылдырылды.


Опурталдуу сунушпу?


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын юристи Жаныбек Ботоев теңирчиликти дин катары каттоо коомчулуктун коопсуздугу үчүн опурталдуу жана дин катары каттоого эч кандай негиз жок экенин “Азаттыкка” кабарлады.

Өзүн баш теңирчимин деп тааныштырган “Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев теңирчиликти толук кандуу дин катары каттоо зарыл деген ойдо. Анын айтымында, теңирчиликти дин катары каттоону колдогондордун арасында интеллигенциядан да жоон топ өкүлдөр бар экен. Алардын аттуу-баштуулары катары Арсланбек Малиевди жана Ильгиз Айтматовду мисал келтирди.

Теңирчиликти дин катары каттоо сунушу эмнеден чыкканын Усупбаев мындайча чечмелейт:

- Биз ар түрдүү дүйнөлүк жыйындарга катышып келебиз. Анан бизди башка диндегилер басынтышат. Айрыкча мусулмандар теңирчилик дин эмес деп кемсинтип келишет. Ошон үчүн каттоодон өткөрүшүбүз керек. Теңирчилик кыргыздын байыртан келаткан улуттук дини. Кыргыздын байыркы динин ордуна коюшубуз керек. Бул деген чоң идеология.

Дин иштери боюнча мамкомиссия теңирчиликти иликтеген атайын эксперттик комиссиянын бүтүмүнөн кийин гана каттоодон баш тарткан. Эксперттик комиссиянын мүчөсү Кадыр Маликов дин тутуу эркиндиги өлкөнүн коопсуздугунан жогору турбаш керек деп эсептейт:

- Биз теңирчилердин сунушуна эксперттик баа бердик. Менин жеке позициям боюнча теңирчиликти жактагандар мойнуна биртоп милдеттенмелерди алганда гана каттоодон өткөрүүгө болот. Алар башка диндегилерди мазактабайбыз, алардын ишенимин сыйлайбыз деп милдеттенме алыш керек. Болбосо буга чейин теңирчиликти жактагандар мусулмандардын ар-намысына шек келтирип, шылдыңдап келишкен. Алар Мухаммед пайгамбарга да акаарат келтиришип, исламды мазакташкан.


Теңирчилик деген эмне?


“Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун башчысы Өзбек ажы Чотонов теңирчиликти жактагандар батыш өлкөлөрүнөн каржылык колдоо алып, атайын эле элди бузуп жатат деген ойду карманат. Чотонов же пайгамбары, же ыйык китеби жок болсо кандай дин болот деп теңирчиликти түшүнүксүз нерсеге салыштырды:

- Теңирчилик дин эмес да. Бул түшүнүксүз нерсе. Алар өздөрү деле эмне экенин жакшы билишпейт. Элдин башын калп эле айлантып жатышат. Теңирчилер батыш өлкөлөрүнөн каржылык колдоо алышат. Алардын максаты эл бузуу. Теңирчиликке берилгендик караңгылык болуп саналат.

Теңирчиликти жактагандардын көч башында келаткан Дастан Сарыгулов теңирчилик дин катары катталса эч кандай бөлүнүп-жарылуу болбойт деген ишенимде:

- Теңирчилик – эң байыркы дүйнө тааным. Ал убакта дин пайда боло элек болчу. Теңирчилик биздин ата-бабаларыбызга мүнөздүү ишеним. Дүйнө таанымдын өзөгүн табият менен эриш-аркак жашоо образы түзөт. Биздин бабаларыбыз табиятка кымындай да зыян келтиришкен эмес.

Ал эми дин таануучу Бакыт Мурзараимов теңирчиликти кыргыздын улуттук дини деп таңуулагандарга кошулбайт. Ал теңирчилик түшүнүгү түрк тилдүү элдердин баарына таандык экенине басым жасады:

- Ислам келгенге чейин Теңир түшүнүгү бир эле кыргыздарда эмес, түрк тилдүү элдердин баарында эле болгон. Ошол ишенимдеги Теңир деген түшүнүктөн улам теңирчилик болуп калган. Менимче, дин иштери боюнча мамкомиссиянын аны каттоодон өткөрбөгөнү эле туура.

Теңирчиликти жактагандар менен мусулмандардын ортосунда пикир келишпестиктер Кыргызстанда буга чейин да байма-бай болуп келген. Исламчылар Манасты намаз окуган момун мусулман болгон десе, теңирчилер Манастын теңирчи болгонуна ишенишет.

XS
SM
MD
LG