Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Египет: "Мусулман агайындардын" 36 тарапкери түрмөдө каза тапты


Египеттеги «Мусулман агайындар» уюмунун 36 тарапкери түрмөдө күмөндүү жагдайда каза табышты. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар Каирдин чеке белиндеги түрмөлөрдүн биринен качууга аракет кылып, полиция офицерин барымтага алган. Полиция өз кызматкерин бошотуп алуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газ колдонгондо кармалгандар думугуп өлгөнү расмий маалымдалды. Бирок башка маалыматтар боюнча “Мусулман агайындардын” тарапкерлерин атайын унаа менен түрмөгө алып келатканда тумчугуп мерт болгон деп айтылып жатат.

Бул окуя армия жетекчилигинин өлкөдө башаламандыктын уланышына жол бербей турганын билдирген соң орун алды. Анда Коргоо министри Абдел Фаттах ал-Сиси аскерлер өлкөдө болуп жактан зордук-зобундардын уланышына көзүн жуумп тура албастыгын эскертип, бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлерин демократиялык өзгөрүүлөргө катышууга чакырды.

Өткөн шаршембиден берки Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан өкмөттүн маалыматы боюнча 830га жакын адам мерт кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG