Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

КСДП: Кара-Суудагы чыр иликтенип жатат


Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, партия жетекчилиги Кара-Суудагы Социал-демократтар менен “Өнүгүү” партиясынын өкүлдөрү ортосундагы чыр боюнча маалымат топтоп, иликтеп жатат:

-Мага жеткен маалыматтар боюнча, биздин партиядагы байкоочу жигиттердин бирине атаандаш партиянын өкүлдөрү туура эмес иш кылып, жарадар кылыптыр. Бул боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуяда биздин байкоочуну жарадар кылган адам качып кеткен экен. Ал кишиге издөө жарыяланды. Бул боюнча кийинчерээк бардык маалыматты топтоп, билдирүү жасайбыз

Буга чейин “Өнүгүү” партиясы расмий билдирүү тараткан болчу. Анда Социал-демократтар партиясынын өкүлү “Өнүгүүнүн” өкүлдөрүнө каршы ок чыгарганы, андан бир мүчөсү жараат алганын билдиришкен. Ошондой эле партия өкүлдөрү бул чырда "Өнүгүүнүн" мүчөсү КСДП өкүлүн бычактады деген маалыматты четке кагышкан.

Кечээ Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда чыр чыгып, ок атылган. Андан үч адам жараат алып, ооруканага жаткырылды.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG