Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

Орусиянын Ыраакы Чыгышын суу каптоодо


Орусия Ыраакы Чыгыштагы суу каптоонун кесепетин жоюу менен күрөшүүдө. Жекшембиде Хабаровск шаарында Амур дарыясы кирип, суунун деңгээли тарыхта болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Прогноз боюнча 25-августка чейин суу кирери айтылууда. Табигый апааттан улам 66 калктуу пунктагы 5000ге жакын турак-үйдү суу каптап, 35 миңдей адам жабыркады.

Өлкөдөгү дарыгерлер тургундарды булганган суудан ичпөөгө үндөөдө. Орусиянын башкы санитардык дарыгери Геннадий Онищенко Кытай тараптан агып келген сууда булганган, зыяндуу микробдор арбын болушу мүмкүн экенин эскертти. Бирок Онищенко аймактагы санитардык абалды стабилдүү деп мүнөздөп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG