Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Бишкекте “Кумтөр” кени боюнча сүйлөшүү уланат


Бүгүн “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү, юрист кеңешчилери менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү уланат. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров кабарлады. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу так кесе бир нерсе айтуу кыйын. Бирок кыргыз өкмөтү “Центерра Голддун” жетекчилиги алдында өз талаптарын коюп жатат. Бул сүйлөшүүлөр 17-августта башталган. Буга чейин өкмөт башчы “Кумтөр Оперейтинг” жана “Кумтөр Голд” компанияларын бириктирип бир ишкана түзүү, ал ишкананын директорлор кеңешине эки тараптан теңме-тең мүчөлөрдү дайындоо боюнча макулдашылганын билдирген болчу.

Жогорку Кеңеш жазында Кумтөр кениндеги абалды талкуулагандан кийин "Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүү үчүн кыргыз өкмөтүнө үч ай берген. Кийин бул мөөнөт күзгө чейин узартылган.

Кендин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия 2009-жылы “Центерра Голд” менен өкмөт ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деген тыянак менен аны бузууну сунуштаган болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG