Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

«Кыргызстан» көкбөрү курама командасы Азия чемпионатына барат


Казакстандын Астана шаарында биринчи жолу өтүп жаткан көкбөрү боюнча Азия чемпионатына «Кыргызстан» курама командасынан 20 оюнчу сапар алат. Бул тууралуу аталган курама команданын жетекчиси Тилек Урманбетов билдирди.

Т. Урманбетовдун айтымында, топ «Кабылан» командасынын 9, «Бөрүлү», «Кожомкул» жана «Суусамыр» командаларынын бирден мүчөсүнөн куралган.

«20-июлдан бери Чолпон-Атада даярданып жатабыз. Эми 2-сентябрь күнү Астанага аттанабыз. Менин билишим боюнча, 10 өлкөнүн көк бөрүчүлөрү келет деп жатышат. Кудай буюрса буга чейин жакшы эле даярдандык деп ойлойм, жеңиш менен өз жерибизге кайтып келгенге аракеттенебиз» - деди Т. Урманбетов "Азаттыкка". (МК)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG