Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

БУУ эксперттери Сирияда иликтөө ишин баштады


Бүгүн Улуттар Уюмунун эксперттери Сирияда химиялык куралдар пайдаланылганы тууралуу маалыматты иликтөөгө киришет. Швециялык адис Аке Селлтром жетектеген эксперттердин тобу үч жайды, анын ичинде Алеппонун түндүгүндөгү кыштакты текшеришет. Сириянын тышкы иштер министрлиги эл аралык эксперттерге кеңири жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Сирия оппозициясынын Батыш колдогон аскердик канаты - Loay al-Mikdad да Улуттар Уюмунун миссиясын колдоду, бирок иликтөөнүн ийгилигине ишенбегенин айтты. БУУнун Жакынкы Чыгыштагы чабарманы Роберт Серри июль айында Коопсуздук кеңешинде маалымдаганга караганда, Сирияда химиялык куралдар колдонулганы жөнүндө Улуттар Уюмуна 13 рапорт түшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG