Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Жамгыр Маниланы тополоңго салды


Нөшөрлөп куйган жаан Филиппиндин борбору Манилага чоң коогалаң алып келди. Ордо калаанын айрым бөлүктөрү суу астында калды. Өлкөнүн түндүгүндөгү тоолуу аймактар менен деңиз боюндагы жерлерден миңдеген адамдар коопсуз жайларга шашылыш көчүрүлдү. Табигый апаатта эки киши курман болуп, бир нече адам дарексиз жоголгону расмий түрдө маалымдалды.

Бүгүн 12 миллион калктуу Манилада мектептер, мекемелер, баалуу кагаздар биржасы, соттор жана элчиликтер иштебейт. Тоолордо токойлор аёосуз кыркылып, дарыялар жана каналдар жакшы тазаланбагандан, ошондой эле шаар-кыштактарды пландоонун начар абалына байланыштуу Манила акыркы жылдары суу ташкынга көп кабылчу болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG