Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Токтогул: убактылуу кармоо жайында шарт начар


Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Алима Аманова Токтогул РИИБне караштуу убактылуу кармоочу жайында жууна турган жай жоктугун билдирди. Анын айтымында, убактылуу кармалгандар ремонттон өтпөгөн бөлмөлөрдө кармалат жана алардын тамак-ашы үчүн 50 сом каралган. Сот чечимин күтүп жаткандардын маалымат алуу укуктары да чектелген, жаңылыктарды угуп туруу үчүн радио коюлган эмес.

Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматкери Нургазы Ысманов болсо Токтогул РИИБнин убактылуу кармоочу жайы жакында суу жана радио менен камсыз болорун маалымдады.(YA)

XS
SM
MD
LG