Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

"Кыргыз-Ата" партиясы Кара-Суудагы шайлоо жыйынтыгын тааныбайт


Бул тууралуу Оштогу маалымат жыйында партия лидерлеринин бири Төлөгөн Келдибаев билдирди. “Шайлоодо эл добуш берген жок. Добуштардын баары уурдалды. Жергиликтүү бийлик менен криминалдык топтор шайлоодогу добуш берүүгө толугу менен таасирин көрсөтүштү. Шайлоонун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгарууну БШКдан талап кылам”,-деди Келдибаев.

“Шайлоо учурунда эки партиянын өкүлдөрүнүн атышып атканы да шайлоонун ушунчалык криминалдашып кеткенинен кабар берип турат”,-деди партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Абдыкайым Кангелдиев.

18-август күнү болгон шайлоодо КСДП партиясынын өкүлдөрү менен “Өнүгүү” партиясынын мүчөлөрү ортосунда чатак чыгып, ок атылган. Чатактан 3 адам жабыркап, бирөө ооруканада. Учурда кылмыш иши козголуп, иш иликтенүүдө.

31 депутаттык орун үчүн шайлоого 7 партия ат салышты. Алар ошол эле “Кыргыз-Ата”, “Замандаш”, “Бир бол”, “Ата-Мекен”, “Мекен ынтымагы”, “Өнүгүү” жана Кыргызстан Социал Демократтар партиялары. Булардан жалпысы болуп 325 адам талапкер болгон.

Бир жыл мурун эле шайланган Кара-Суу шаардык кеңеши калаа башчысын дайындай албагандыктан бир ай мурдараак президенттин жарлыгы менен таркап кеткен. Анда КСДП партиясы 21 депутат менен көпчүлүктү түзгөн эле.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттык мөөнөтү 4 жыл. (ErN)

XS
SM
MD
LG