Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Кара-Суу: Шайлоодо КСДП алдыда


Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодо КСДП партиясы алдыда. Кийинки орунда “Өнүгүү” жана “Бир бол” партиялары келе жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Расулбек Кадыров кабарлады. Анын айтымында, азыр бийликте турган КСДП партиясына шайлоочулардын 50 пайыздан ашууну добуш берген. Ал эми “Өнүгүү” жана “Бир бол” партиялары 7 пайыздык чектен өтүшкөн. Учурда добуштар толук саналууда. Арыз-даттануулар үч күн ичинде каралып, толук жыйынтык ошондо чыгарылат.

“Өнүгүү” Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин партиясы. “Бир бол” дагы бир депутат Алтынбек Сулаймановдун партиясы экени айтылууда. Экөө тең “Республика” партиясынан депутат болуп шайланышкан.

18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтүп, 31 депутаттык орун үчүн шайлоого 7 партия ат салышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG