Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Акыйкатчыга талапкерлердин саны 54кө жетти


Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, акыйкатчынын кызматы үчүн арыз тапшыргандардын саны 54 болду. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин төрт депутаты, укук коргоочулар, милиция, прокуратура кызматкерлери, адвокаттар, дарыгер жана мугалимдер бар.

Ушул жылдын 27-июнунда парламент Турсунбек Акунду кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевдин абактан убактысынан мурда бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчы кызматынан бошоткон. Бирок Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин белгилөөдө. Жогорку Кеңеш бул орунга сынак жарыялап, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алды.

Кыргызстандын акыйкатчысын Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө бекитет. Жаңы акыйкатчыны шайлоо сентябрь айына белгиленген. Буга чейин Турсунбек Акун жана Турсунбай Бакир уулу бул кызматты аркалаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG