Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

“Уш садоси” гезитинин редактору эки жылга кесилди


Ош облустук өзбек тилинде чыкчу “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Махамадсоли Исмаилов эки жылга шарттуу кесилди. Өкүмдү өткөн жуманын соңунда Кара-Суу райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” “Эдвокаси” укук коргоо борборунан маалымдашты.

Исмаилов менен күнөөлөнүп жаткан Убайдулла Абдуллажанов деле эки жылга шарттуу соттолду. Алар бул мөөнөттү үй камагында өткөрүшөт.
Махамадсоли Исмаилов 2010-жылдагы июнь апааты учурунда жоголгон Анвар Махмудовду уурдоого шектүү катары ушул жылдын 31-мартында кармалган. Аны менен кошо дагы эки адам жоголгон кишинин зайыбынын арызы менен камакка алынган. Эки күндөн кийин Исмаилов үй камагына бошотулган.

Махамадсоли Исмаилов Ошто өзбек тилинде чыкчу облустук “Уш садоси” гезитинин башкы редактору болуп иштейт.

Исмаиловдун жактоочуларынын айтымында, алар доо арыз менен кайра сотко кайрылышы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG