Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Индияда поезд ондогон зыяратчыны мерт кылды


Адамдарды сүзүп кеткенден кийин токтогондо өрттөлгөн поезд. 19-август, 2013-жыл.
Адамдарды сүзүп кеткенден кийин токтогондо өрттөлгөн поезд. 19-август, 2013-жыл.
Кырсык өлкө чыгышындагы Бихар штатында болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, катуу ылдамдыкта келе жаткан поезд станциялардын биринде ал токтойт деп күтүп турган адамдардын тобун сүзүп, 30дан ашуун кишини мерт кылган. Өлгөндөрдүн көбү зыяратчылар.

Поезд токтогондон кийин жаалданган адамдардын тобу машинисттерди сабаганда, алардын бири алган жараатынан каза таап, экинчиси оор абалда ооруканага түшкөн.

Жаалданган адамдар тобу поезддин вагондоруна да өрт коюшуп, куткаруучулардын кырсык болгон жерге жетишине жолтоо да кылышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG