Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Энергетика: тарифтер кайрадан талкууда


Энергетиктерди Токтогул суу сактагычында быйыл суунун аз болушу да тынчсыздандырууда.
Энергетиктерди Токтогул суу сактагычында быйыл суунун аз болушу да тынчсыздандырууда.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына бааларды көтөрүү жагын караштырууда.

Кыргызстанда кышка даярдык жеңил иштерден эмес. Газ, көмүр жана карамайды сырттан ташып келген өлкө үчүн бул өнөктүк жыл сайын “кыл көпүрөдөн” өткөндөй эле кыйынчылык жаратат.

Өкмөт “Кыргызгазды” сатуу менен калкты газ менен камсыздоо, кышка даярдык көрүүдөгү бир татаал милдетти моюнунан алып, Орусиянын “Газпромуна” жүктөөгө шашып турат. “Кыргызгаздын” жетекчисинин орун басары Куралбек Наскеевдин айтымында, келишим ратификациядан өтөр замат, жоопкерчилик “Газпромго” жүктөлөт:

- Келишимге кол коюлган. Ратификация болгондо эле күчүнө кирет. Баары даяр. Сентябрь ичинде жаңы кожоюн болот. Ошол “Газпром” баарына жооп берет.

Куралбек Наскеевдин кесиптеши, “Кыргызгаздын” жетекчисинин дагы бир орун басары Евгений Орленко ратификация үчүн мезгил керектигин билдирип, ошондуктан “Газпромдун” жоопкерчиликти алуусуна убакыт жетишпей калышы мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Газпром” Кыргызстанды газ менен камсыздоо милдетин моюнуна алганын жана газга баа кыргыз өкмөтүнүн тарифтик саясатынын негизинде аныкталарын билдирген. Бирок иш жүзүндө “Газпром” өзүнүн баа саясатын кичинекей Кыргызстан эле эмес, килейген Украинага, жалпы Европага таңуулап келатканы белгилүү.

Кыргызстан азыркы кезде өз колунда турган электр энергиясына тарифти жөнгөрө албай келатат. Отун-энергетика тармагынын байкоочулар кеңешинин төрайымы Нурзат Абдырасулованын айтымында, тарифти саясат эмес, экономикалык жагдай аныктоого тийиш. Белгилүү болгондой өкмөт Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер эң төмөн деп, аны өзгөртүү демилгесин көтөрүп келет.

Министр Осмонбек Артыкбаев азыркы тарифтерди адилетсиз деп атап, аны мындайча негиздеди:

- Бизде тариф саясаты туура эмес болуп жатат. Адам канчалык бай болсо, ошончолук көп жардам алат. Акчасы азыраак болуп, электр энергиясын азыраак колдонсо, ал азыраак жардам алат. Мисалы үчүн, бир үй-бүлө бир айда орто эсеп менен 600 киловатт саат электр энергиясын жакса, өкмөттөн 300 сом жардам алат. Ал эми жаран 10 миң, же 20 миң киловатт жакса, алар 10 миң, же 20 миң сом жардам алат.

Ошондуктан энергетика министрлиги 300 киловатт саат электр энергиясынан ашыкча пайдалангандарга тарифтерди көтөрүүнү сунуштоодо. Маселен, бир айда 300 киловатт саат электр энергиясын жаксаңыз, анда 70 тыйындан төлөйсүз. Андан ашкан бөлүгүнө болсо 1 сом 24 тыйындан төлөө каралууда. Мындай тарифтер октябрь айында кириши күтүлүүдө.

Айрым эксперттер энергетика тармагындагы коррупцияны, жоготууларды кыскартуу менен тарифтерди көтөрбөөгө болорун айтып келет. Белгилүү болгондой Кыргызстанда энергетика тармагында техникалык жана коммерциялык жоготуулар биригип 26 пайыздын тегерегинде болууда.

Республиканын энергетиктерин Токтогул суу сактагычында быйыл суунун аз болушу да олуттуу тынчсыздандырууда. Министр Артыкбаевдин айтымында, 14-августка карай Токтогулда 15 млрд. 100 млн. куб суу топтолду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2 млрд. куб метрге аздык кылат.

Мындай шартта өкмөт көмүрдү көбүрөөк камдоого чакырууда. Кыргызстан кыштан кыйналбай чыгышы үчүн 2 млн. тоннага жакын көмүр керек. Азыркы күнгө карай анын 8 пайызы гана даярдалган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG